9 июль 2020, 12:21

Пневмониядан жабыркаган Кубанычбек Жумалиевдин абалы оор экени айтылды




Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев пневмониядан жабыркап, ооруканага түшкөнү маалымдалган. Анын абалы оор экенин жарандык активист Мелис Аспеков жазып чыкты.

Жарандык активист FB баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган.

"Ушул жаңылыкты окуган соң, ички дүйнөм бушайман болуп жатат. Кубанычбек байкенин батырак сакайып кетишин каалайм, абалыңыз оор экен. Мага бир топ адамдар чалып, жазып жатышат. Муну куран уруп баштады деп. Андайды уккандан кийин, жүрөгүм зырп этти. Кайдан мен бердим, кайдан сиз ала калдыңыз... Роза эже жакшылап караңыз эми байкени. Деги дем ал байке, дем ал, токтоп калба... Бутка туруп кетип, мына сага, деп бир чоң медициналык борбор куруп салчы байке. Эл ыраазы болуп калсын!", - деп жазылат билдирүүдө.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020