10 июль 2020, 09:47

Видео: Депутат күндүзгү стационарга жардам берип, төшөктөрдү да өзү салып жатат




Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев Аламүдүн районунун айылдарына күндүзгү стационарлар үчүн бөлүнгөн имараттарга жардам берип жатат. Бул тууралуу депутат өзү билдирди.

"8-июль күнү Лебединовка, Ленин, Октябрь жана Васильевка айыл өкмөттөрүнүн күндүзгү стационарларын кыдырып керектелүүчү жабдыктар менен камсыздоо иштерин жүргүздүк.
9-июль күнү Лебединовка айылынын №1 гимназия мектебине 40 орундуу стационар ачып, 2 дарыгер жана 2 санитар ишке тартылды. Мындан тышкары 3 кычкылтек консентраторун алып киргизип бердик. 
Болгон чыгымдарды менин үй-бүлөм, жакын туугандарым, жергиликтүү жаамат жана ишкерлер өз моюнубузга алдык",-дейт депутат.

Эл өкүлү белгилегендей, Ленин айыл өкмөтүнө 20 керебет, 1 кычкылтек консентраторун, Васильевка айыл өкмөтүнө 10 керебет беришкен. Ал эми Октябрь айыл өкмөтүнө 10 керебет жана 1 кычкылтек консентраторун жакында жеткирип берет.
1 комментарий
  1. Аноним#3159
    Профессиональная съёмка? Вы и ещё позаботились на это? Аа да, выборы же скоро

KABARLAR.ORG 2020