10 июль 2020, 10:11

Өткөн сутка ичинде 6 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 10-июлдагы брифинг учурунда билдиргендей, өткөн сутка ичинде 6 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болгон.

Алар: 

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 90 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аялдар – 70, 69 жашта);
Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 2 (эркектер – 49, 53 жашта);
Нарын облустук ооруканасынан – 1 (аяял, 61 жашта). 

Кыргызстан боюнча жалпы каза болгондордун саны 122 кишини түздү.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020