10 июль 2020, 11:40

Балыкчы-Кочкор унаа жолунда катталган жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркады

Балыкчы-Кочкор унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 3 адам  жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 2020-жылдын 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында “Фолксваген-Пассат” унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын  катышуусунда жол кырсыгы катталган. 

Кырсыктын кесепетинен 3 адам (2 эркек: 1974-жылы туулган, 2008- жылы туулган, 1 аял: 1978-жылы туулган) каза болуп, 3 адам (1 кыз: 2012-жылы туулган, 2 эркек бала: 2004- жылы туулган, 2006-жылы туулган) жабыркаган.

Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, тез жардам кызматкерлери, ИИМ кызматкерлери тартылган.
Куткаруучулар жерине барып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган жана каза болгон адамдарды тез жардам кызматкерлери шаардык ооруканага жеткизишкен.

 




 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020