10 июль 2020, 12:07

Коронавирусту дарылоочу Авифавир дарысын алуу үчүн Кыргызстан Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Кыргызстан коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн Авифавир дарысын алуу үчүн Орусия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 10-июлдагы брифинг учурунда билдирди.

"Өткөн аптада Орусиядан келген делегация мүчөлөрү менен Авифавир дарысы боюнча суроо талкууланган. Биздин медицина илимдеринин кандидаттарынан, докторлорунан, профессорлордон турган эксперттик топ бул маселени карап жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - дейт ал.

Авифавир - бул сасык тумоого каршы күрөшүүгө негизделген, курамындагы биологиялык активдүү зат бир катар вирустардын көбөйүшүнө жол бербейт.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020