10 июль 2020, 13:45

Президенттик аппарат Жээнбековдун видеосун эмне себептен өчүргөнү тууралуу айтып берди

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга жасаган видео кайрылуусу президенттин официалдык ютуб-каналынан өчүрүлгөн. Буга видео алдына калтырылган улут аралык кастыкты козутуучу комментарийлер себеп болгонун президенттик аппараттан билдиришти.

"Видео алдында фейк аккаунттар аркылуу жазылган, улут аралык кастыкты козутуучу, адамдын намысына шек келтирген декструктивдүү комментарийлер көп санда байкалган. Ошол себептүү видеону өчүрүп, кайрадан комментарий жазууга тыюу салып жүктөөгө туура келди",-деп билдиришти президенттик аппараттан.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020