10 июль 2020, 17:27

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын мурдагы жетекчиси пневмониядан каза болду




Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдрахим Абдрасилов пневмониядан каза болду. Маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан бүгүн, 10-июлда кабарлашты.

Абдрасилов Абдрахим Акчалович 17 жыл аталган шаардык транспорт башкармалыгында эмгектенген.

Ал 1955-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун (мурдагы Киров) Чеч-Төбө айылында төрөлгөн.

1979-жылы Москва жол институтунун инженер-механик адистиги боюнча билимин аяктаган.

Эмгек жолун 1992-жылы "Шаардык жүргүнчү ташуучу автоунаа ишканасы" муниципиалдык мекемесинен баштаган.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кызматы үчүн "Автоунаадагы эмгек сиңирген ишмери" наамын алган.

Абдрахим Абдрасиловдун көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020