11 июль 2020, 09:32

Чубак ажынын сөөгү кичи мекенине коюлат

Чубак ажынын сөөгү Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылына коюлат. Бул тууралуу анын шакирти Улан Давлеткулов билдирди.

Маалыматка караганда ажынын жаназасы бүгүн саат 16.00 менен 18.00дүн ортосуна белгиленген.

Эскерте кетсек, Орто Азияга белгилүү диний аалым бүгүн түндө Улуттук госпиталда көз жумган. Буга чейин анын пневмонияга кабылып, абалы оор экени айтылган.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020