13 июль 2020, 10:18

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 125 дарыгерден коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 125 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Алар: 

• Бишкек ш. – 63
• Чүй облусунда – 7
• Ош ш. – 16
• Ош облусунда – 10
• Баткен облусунда – 13
• Ысык-Көл облусунда – 7
• Талас облусунда – 2
• Нарын облусунда – 2
• Жалал-Абад облусунда – 5
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1781 учур катталды, алардын ичинен 560 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020