13 июль 2020, 10:44

Акматова: Саламаттык сактоо министри жана анын орун басары качан жумушка чыгары белгисиз

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин учурдагы абалы стабилдүү. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлдагы брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал министрлердин качан жумушка чыгары белгисиз экенин айтты.

"Министрлер республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатышат. Дарыгерлер алардын ооруканадан кайсы убакта чыгары тууралуу маалымат берише элек",-деди Акматова.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020