13 июль 2020, 11:18

Коронавирус оорусунан айыккан бейтаптар эмне кылуусу керек? Акматованын жообу

Оорудан айыккан жарандар  ден соолугуна  өзгөчө кам көрүп, дарыгердин жазып берген сунуштарын так аткарышы зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлдагы брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова айтып берди.  

Ага караганда, вирустан айыккан жарандар дем алуу гимнастикасын жасап, диетаны сакташы керек.  

"Андан сырткары, айыкканына карабастан алар алдын алуу чараларын сактоосу зарыл: беткап кийүү, антисептик колдонуу жана, колдун гигиенасын, физикалык аралыкты сактоо",-деди Акматова. 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020