13 июль 2020, 12:07

Сабырбек Жумабеков: Асель ооруканадан чыкты деген маалымат жалган

Социалдык тармактарда ырчы Асель Кадырбекова ооруканадан чыкты деген маалымат тараган. Мунун чын-төгүнүн билүү үчүн ортопед Сабырбек Жумабековго байланыштык. Академик желдей тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей турган айтты.

"4 күн мурун Аселдин акырегине операция жасалды. Ал азыр алгачкы кадамдарды жасай баштады. Учурда реанимацияда, абалы күндөн-күнгө жакшырууда",-дейт Жумабеков.

Эске салсак, 26-июнь күнү саат 15:47де Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык катталган. Башкы жол катары саналган Медеров көчөсү менен бара жаткан Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны «Патруль» жеке күзөт кызматынын унаасы капталдан келип сүзгөн. Toyota Camry`ни Асел Кадырбекова башкарып бараткан. Кырсыктын кесепетинен ырчы оор абалда ооруканага жеткирилген.

Ырчынын үй-бүлөсүнө сабыр тилеп, тез сакайып кетишине тилектешпиз!



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020