13 июль 2020, 14:05

Депутат: Түркиянын сервис борту менен бир нече жеке ишкерлер дарылануу үчүн учуп кеткен

Кээ бир чиновниктер чартердик каттам менен чет өлкөгө учуп кетти деген маалымат чуусу азыркыга чейин токтой элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева дагы социалдык тармактагы баракчасына бул окуяга байланыштуу төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:

"Германиядан жана Түркиядан биздин өлкөгө атайын учактын келиши боюнча. Германия немис улутундагы оор абалда болгон жараны үчүн Ысык-Көлгө атайын борт жөнөткөн экен. Ал эми Түркиянын сервис борту менен бир нече жеке ишкерлер дарылануу үчүн учуп кеткен. Биздин саламаттыкты сактоо министри маалыматтарга караганда бул жакта эле экен" , - деп жазган депутат.




Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020