13 июль 2020, 14:34

"Манас" аэропортунан чартертердик каттамды кимдер пайдаланарын айтышты

Социалдык тармактарда тарап жаткан жогорку атка минерлердин керектөөлөрүн аткаруу үчүн уюштурулган чартердик каттамдар тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААК билдирүү тараттты.

Аэропорттон белгилешкендей, дүйнө жүзүндө эпмдемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам жана башка өлкөлөр менен аба байланышына тийиштүү чектөөлөрдү киргизүү мөөнөтүндө «МЭА» аэропортторуна мезгил-мезгили менен буйрутмалык чартердик санитардык каттамдар аткарылууда. Бул каттамдар жүргүнчүлөрдүн билдирмеси менен медициналык эвакуациялоо максатында, ошондой эле камсыздандыруу учурларында аткарылат. 

"Аталган каттамдар менен чет элдик дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик жарандар пайдаланат. Кыргызстандын жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес.

Ошондой эле «МЭА» ААК аэропорттору аркылуу дүйнөдө учуулардын чектелишинен улам өздөрүнүн өлкөлөрүнө учуп кете албай жаткан чет элдик жарандарды эвакуациялоо үчүн чартердик каттамдар аткарылып жатат.

«МЭА» ААК жалган маалымат таратпоону суранат. Учурда орун алган эпидемиологиялык абалда «МЭА» ААК кызматкерлердин жана жүргүнчүлөрдүн бардык коопсуздук чараларын так камсыздоо менен күнү-түнү иштеп жатат",-деп билдиришти мекемеден.  

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020