13 июль 2020, 15:40

Бишкекте эки тараптуу пневмониядан эки прокурор каза болду




Бишкекте эки тараптуу пневмониядан эки прокурор каза болду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдайт.

"Каза болгондордун бири Бишкек шаардык прокуратурасынын 50 жаштагы башкы прокурору Эрмек Төрөкулов, ал эми экинчиси 48 жаштагы Башкы прокуратуранын тергөө жана издөө иш-аракеттерин көзөмөлдөө боюнча прокурору Рустам Кожобеков. Эрмек Төрөкулов прокуратурада 1996-жылдан бери эмгектенип келсе, Рустам Кожобеков 2005-жылдан бери өз кызматын өтөп келген. Башкы прокуратура эки кызматкердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп жазылат маалыматта.

Эки кызматкер тең өз иштеринин устаттары болгонун мекемеден белгилеп, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020