13 июль 2020, 16:27

Бишкек мэриясынын кызматкери пневмониядан каза болду




Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар куруу жана архитектура департаментинин кызматкери Нурланбек Асылгазиев пневмониядан каза болду.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Ага караганда, аталган ишкананын сүрөт тартуу жана топография бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Асылгазиев 12-июлга караган түнү кайтыш болгон.

Эмгек жолу:

Нурланбек Токтомушович 1972-жылы 24-мартта Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган.

1991-жылы Фрунзе политехникалык техникумун инженердик геодезия адистиги боюнча билим алган.

2006-жылдан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар куруу жана архитектура департаментинин борбордук архитекторлор тобунда иштеп баштаган.

Нурланбек Асылгазиевдин артында жубайы жана беш баласы калды.

Биздин редакция Нурланбек Асылгазиевдин көз жумгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020