14 июль 2020, 09:35

Жумабеков: Мага жана үй-бүлөмө карата кара пиар катуу жүрүп жатат




Буга чейин Уран Темирбеков аттуу FB колдонуучусу пневмония менен ооруган атасын ооруканага жаткыруу учурунда бош орун таппай,  ооруканадагы орундарды Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Сабырбек Жумабеков ээлеп алганын жазып чыккан. Бул окуя боюнча биздин редакция Сабырбек Жумабековго байланышып, пикирин уктук.

Академик, "Гансиде" иштеген кызматкерлерге байланышып, аталган жарандын барган-барбаганы тууралуу маалыматты тактаганын айтат.

"Мен Бишкекте иштеп жатам. Алгач стационар ачылганда ажиотаж болуп, орундар калбай калган, ошол убакта барса керек. Орун калбай калды деп мага бирөө да чалган эмес. Бирок, Уранды да туура түшүндүм. Орун жоктугуна байланыштуу атасын кыйнап койгон болсок улуу башым менен Урандан, атасынан кечирим сурайм.

Бирок анын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Сабырбек Жумабеков орундарды ээлеп алган деген сөзү чындыкка дал келбейт. Орундарга кимдерди жаткыруу керектигин мен чечпейм. Алар атасы экөө азыркы учурда "Discovery" стационарында жатышыптыр. Саламаттыкты сактоо министрлигинен ушул күнгө чейин мага бирөө да чалып, орун камдап кой деп айткан эмес. Мага мындай иштер жакпайт",-деди академик.

Ошондой эле Жумабеков учурда ага жана анын үй-бүлөсүнө карата кара пиар жүрүп жатканын кошумчалады.

"Айрым ЖМКлар карындашымдын, кызымдын, келинимдин дары-дармектерди дүңүнөн саткан фирмалары бар деп жазып чыгышты. Бул карандай калп. Мунун баары иниме (ред.: Дастан Жумабеков) жана мага карата жасалып жаткан кара пиар", - деп белгиледи Жумабеков.
2 комментария
  1. Аноним#1433
    Блин спикер ушунун иниси беле,каяктан чыккан(
    1. Аноним
      Мен да сиздей болуп жакында угуп,оозум ачылды. Спикер ким да Сабырбек агай ким😊

KABARLAR.ORG 2020