14 июль 2020, 09:46

Кочкоров: Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кресло-коляска алуу үчүн быйыл беш эсе көп каражат бөлдүк

Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кресло-коляскага болгон муктаждыгын толук чечүү үчүн мурдагы жылдарга караганда дээрлик 5 эсе көп каражат бөлдүк. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Министр өкмөттүн токтом, жоболоруна өзгөртүү киргизип, биринчи жолу көп функционалдуу кресло-коляскаларды сатып алууга толук мүмкүнчүлүк алынганын кошумчалады.

"Учурда кресло-коляскалардын алгачкы партиялары келип түштү. 2-3 күн аралыгында калган бөлүгү да толук келип түшөт. Буйрутмага ылайык 2000 даана жөнөкөй, 507 даана көп функционалдуу кресло-коляскалар (30 кг., 60 кг., 90 кг.) жакынкы күндөрү бардык райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жеткирилип берилет.
Креслого-коляскага муктаждыгы бар, бирок арыз жазып каттала элек жарандар райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына арыз жазып катталып, акысыз кресло-коляска алсаңыздар болот.
Быйылкы жылдын эсебинен дагы 28 754 000 сомдук көп функционалдуу кресло-коляска алууну пландадык. Биз жакынкы убакта кресло-коляскага болгон муктаждыктарды толук чечебиз",-дейт Кочкоров.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020