14 июль 2020, 13:54

Таласта 661 орундук стационарда бир күндө 1554 адам дарыланып кетүүдө

“Талас облусунда күндүзгү стационарларда 661 керебет даярдалган. Бир күндө 1554 адам дарыланып кетүүдө",-деп билдирди КР Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев.

Ошондой эле ал 9 рентген аппараты иштеп жатканын айтты..

"Элге түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө, акыркы убакта пневмония илдети күчөп кеткендиктен, эл өзү дагы сак болуп 90 пайызы беткап кийип жүрүүгө өттү. Көпчүлүгү үй шартында дарыланбастан, күндүзгү стационарларга келишүүдө”, - деди Марат Мураталиев.

Анын айтымында 8-июлдан баштап Талды-Булак постуна айрым чектөөлөр киргизилген, аймактар аралык такси кызматтары токтотулуп, мал базарлар убактылуу эки жумага жабылган.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020