14 июль 2020, 15:48

Роза Отунбаева ыктыярчы медиктер тобуна 155 миң сом которду

Экс-президент Роза Отунбаева ыктыярчы медиктер тобуна 155 миң сом которду. Бул тууралуу элдик ыктыярчылар тобунун демилгечиси Тынчтык Алтымышев FB баракчасына жазды.

"Кечээ, Роза Отунбаева абалыбызды сурап, 155 000 сом которуптур. Албетте бул бизге эмес, бизге ишенген элге чоң жардам.
Бүгүн "Дордой" базарынын профсоюзунун башчысы Дамира Дөөлөталиева эже таң атпай чалып, биздин эсепке профсоюздун атынан 100 миң сом берерин айтып, сүйүнттү",-деп жазган Алтымышев.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020