14 июль 2020, 16:31

Боронов: Дагы бир жолу айтабыз – эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлердин жардамына муктажбыз

Тилекке каршы, күнүгө коронавирус оорусуна чалдыккан медкызматкерлер көбөйүп жатат. Аймактардан бери медкызматкерлерди тартылды. Өлкө аймагынан тышкары иштеген кыргызстандык дарыгерлер да жардамга тартылышты. Дагы бир жолу айтабыз – ушундай шартта биз эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлердин жардамына муктажбыз. Эмгек акылар сөзсүз түрдө берилет», - деп билдирди Премьер-министр Кубат Боронов. 

Анын айтымында, учурда Бишкек шаары боюнча медициналык уюмдарда 235 медкызматкер эмгек өргүүдөн чакыртылды:

врачтар – 88 бар;

орто мед персоналдар – 104;

кенже мед персоналдар – 24;

жана башка персонал: лаборант, эпиодемиолог, физиотерапев – 19. 

«Өкмөт эч кимге эч кандай мажбурлоо иштерин жүргүзгөн жок. Дарыгерлер өз каалоосу менен жумушка чыгышты. Учурда дагы деле «эмгек өргүүдө калам» деген медкызматкерлер болду», - деп билдирди К.Боронов.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020