14 июль 2020, 16:57

Бишкекте 2 миң сомдук дарыны 6 миң сомго саткан жаран кармалды



Милициянын кайгуул кызматы мыйзамсыз дары саткан жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-июль күнү Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Ахунбаев менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде Б.Б. аттуу жаран болжол менен баасы 2 миң сом болгон дарыны белгисиз жаран 6 миң сомго сатып, алдап кеткендигин кабарлаган.

Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында кылмыштын изи сууй электе 1989-жылы туулган С.О. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

1 комментарий
  1. Аноним#2079
    УЖЕ СОВСЕМ СОВЕСТЬ ПОТЕРЯЛИ!!!🤦🤦🤦😠😠😠🤬🤬🤬🤬

KABARLAR.ORG 2020