15 июля 2020, 10:20

Жаш ыктыярчылар 3 мүнөттө көчөдө кулап калган адамдын өмүрүн сактап калышты




Бишкекте ыктыярчылар дем ала албай калган адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары байма-бай жазып, ыктыярчыларга алкыш сөздөрүн айтышууда. Маалыматка караганда, чакырууга ыкчам жетип барган ыктыярчылар, бейтапты кычкылтек концентратына туташтырышкан.



Бейтап көчөдө бара жатып эле кулап, дем жетпей, энтигип баштаган. Күбөлөр "Жаш демилге борборунун" ыктыярчыларын чакырышкан. Алар өз убагында келип, 3 мүнөттүн ичинде бейтаптын өмүрүн сактап калышкан. Жадакалса, коргонуучу кийимдерди толук кийгенге жетишишкен эмес.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020