Эс-учун жоготкон кызды түнкү стационарда эмнеге кабыл албай коюшкан? Мэриянын жообу

15 июль 2020, 11:55

Социалдык тармактарда эс-учун жоготкон кызды көтөрүп, түнкү стационардын босогосунда турган адамдын видеосу жарыяланган.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 14-июлда болжол менен 20:45 чамасында болгон.

Аталган окуя боюнча шаардык мэрия төмөнкүлөргө токтолду:

"Аталган окуя кечки саат 20:30 чамасында болгон. Ал учурда стационарда ресторандын ээси гана бар болгон. Дарыгерлер башка мейманканада нөөмөтүнүн алдында тамактанып жатышкан. Алар стационарга саат 20:50дө келишти. Жеке коргонуучу кийимдерин кийип 21:00дө ишке киришти. Саат 20:45те ал жерде эч кандай окуя жана даттануулар болгон эмес".

Мэриядан түнкү стационар кечээ 161 бейтапты кабыл алганын кошумчалашты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020