15 июль 2020, 12:15

Белгилүү кылкыякчы тез арада оор операция жасатууга муктаж. Ал чачтары түшө баштаганын айтат

View this post on Instagram

Жардам берели!??? Элсом 0772148886 Сбербанк 4817760017580048 КICB 9417010018605110 Көкүрөктөгү рак илдети менен 10 жылдан бери жабыркап келе жаткан ырчы, кыякчы Гүлнара Сыдыкбекованын чачы самандай сапырылып түшө баштады. Ал өзү бул туурасында "Бийиктик" Эл аралык журналына улутуна ыйлап жатып билдирди. Буга чейин кыякчынын өмүрү коркучта экендиги, тез арада оор операция жасатууга мажбур болуп жаткандыгы айтылган. Соңку мезгилде болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Алматы шаарына дарыланууга бара албай калып, көкүрөктөгү рак илдети карантинде күчөп кеткен. Айткандай эле ал Индияга жана Казакстанга тынымсыз барып дарыланып турган. Учурда салмагын такыр жоготуп бара жатат. Жогоруда айтылгандай, Гүлнара Сыдыкбековага тез аранын ичинде оор операция кылуу зарыл. Операция көп суммадагы каражатты талап кылгандыктан, Гулнара Сыдыкбекова кайрымдуу инсандардын жардамына муктаж. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ардак грамотасынын" жана Ж.Шералиев төш белгисине, Ат-Башы районунун ардактуу атуулу наамына, "Бийиктик" Эл аралык журналынын "Ардак грамотасына" арзыган ырчы, заманыбыздын залкар кыякчысы Гүлнара Сыдыкбекова Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын астындагы Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде 35 жылдан бери эмгектенип келет. Жеке чыгармачылыгында бир нече күүлөрдү аткарып, ырларды ырдаган жана клиптери бар. Колдон келген жардамын берүүгө даяр кайрымдуу асыл инсандар үчүн Гүлнара Сыдыкбекованын өздүк Элсом номери: 0772 14 88 86. Сбербанк 4817760017580048 Урматтуу Кыргыз элим бир аздан болсо да жардам бериниздер #бийиктикnuws #кайрымдуубол #кайрымдуулук # ?? #жанылыктар #кабар

A post shared by AIGERIM RASUL KYZY (@aigerim_rasul_kyzy) on



Көкүрөктөгү рак илдети менен 10 жылдан бери жабыркап келе жаткан ырчы, кыякчы Гүлнара Сыдыкбекованын чачы түшө баштады. Ал өзү бул туурасында "Бийиктик" Эл аралык журналына улутуна ыйлап жатып билдирди.

Буга чейин кыякчынын өмүрү коркучта экендиги, тез арада оор операция жасатууга мажбур болуп жаткандыгы айтылган.

Соңку мезгилде болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Алматы шаарына дарыланууга бара албай калып, көкүрөктөгү рак илдети карантинде күчөп кеткен.
Айткандай эле ал Индияга жана Казакстанга тынымсыз барып дарыланып турган.
Учурда салмагын такыр жоготуп бара жатат.

Жогоруда айтылгандай, Гүлнара Сыдыкбековага тез аранын ичинде оор операция кылуу зарыл.
Операция көп суммадагы каражатты талап кылгандыктан, Гулнара Сыдыкбекова кайрымдуу инсандардын жардамына муктаж. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ардак грамотасынын" жана Ж.Шералиев төш белгисине, Ат-Башы районунун ардактуу атуулу наамына, "Бийиктик" Эл аралык журналынын "Ардак грамотасына" арзыган ырчы, заманыбыздын залкар кыякчысы
Гүлнара Сыдыкбекова Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын астындагы Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде 35 жылдан бери эмгектенип келет. Жеке чыгармачылыгында бир нече күүлөрдү аткарып, ырларды ырдаган жана клиптери бар.

Колдон келген жардамын берүүгө даяр кайрымдуу асыл инсандар үчүн Гүлнара Сыдыкбекованын өздүк Элсом номери:
0772 14 88 86. Сбербанк 4817760017580048
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020