15 июль 2020, 12:55

Видео: "Эмаком" компаниясы 2 бөлмөлүү батирдин акчасын коронавируска каршы күрөшүүгө берет

"Эмаком" компаниясы медицина тармагына жардам катары 2 бөлмөлүү жаңы батирдин акчасын которот. Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин басма сөз катчысы билдирет.

Аталган компаниянын директору Мелис Джусупов медицина тармагын ар дайым колдоого даяр экенин айткан.

"Компаниябыз батирди өзүбүз сатып, акчасын көтөрөбүз. 2 бөлмөлүү батирди медицина кызматкерлерине жардам катары арнадык",-деди ал.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Эмаком"компаниясына ыраазычылык билдирди.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020