16 июль 2020, 09:01

Сузактын акими үй-бүлөсүнүн атынан эки кычкылтек концентраторун күндүзгү стационарга тапшырды

Сузак районунун акими Эрмек Омошев өз үй-бүлөсүнүн атынан эки кычкылтек концентратын алып, Кара-Алмадагы жана Көк-Арт айыл аймагында ачылган күндүзгү стационардык бөлүмгө тапшырды.

Ал эми Сузак райондук администрациясынын атынан төрт даана кычкылтек концентраты алынып, анын экөө  Октябрь аймактык ооруканасына, бири  Манас орто мектебиндеги, дагы бири Мичурин атындагы орто мектепте ачылган күндүзгү стационардык бөлүмгө берилди. 

Аппараттарды тапшыруу учурунда райондун акими мындай деди:

- Акыркы кездеги кырдаалга байланыштуу  биз да өз салымыбызды кошуу максатында  ушул жабдыктарды алдык. Анткени, бардык жерде мындай аппараттар жетишпейт. Буга чейин Бостон жана Алдаяр аттуу ишкерлерибиз сегиз даана, аттарын атагылары келбеген ишкер жигиттерибиз он даана аппарат тапшырып кетишкен. "Сузак биримдиги” уюмунун тобу да жакынкы күндөрү алып келебиз дешкен. Айтор, таажы илдет менен күрөшүүдө бул жабдыктар эң зарыл болуп турат. Ар бирибиз бул дарттан сак болуу менен бирге башкаларды да сактап калалы, колубуздан келген жардамыбызды берели,- деди Э.Омошев.

Райондогу бардык айыл аймактардын өзүндө он бештен жыйырма орунга чейинки күндүзгү стационардык жайлар ачылып, тиешелүү жабдыктар менен камсыз болгон. 

Алыскы Кара-Алма айыл аймагынын башчысы Алимов Илимбектин айтуусунда бул аймакка он беш орундуу жай даярдалган. Аны айылдык мечитке жайгаштырышты. Керебеттерин эс алуу жайларынан алышса, төшөнчүлөрүн айыл аймак сатып алган. Азыр берилген кычкылтек концентратын  ошол жайга жайгаштырышат, же болбосо зарылдыкка карап Октябрь аймактык ооруканага беришет.
 
Белгилей кетсек, райондо азыркы кезге чейин  таажы илдетине 193  адам  кабылган. Мында  азыркы тапта Сузак аймактык ооруканада 20 адам, үй шартында 53 адам дарыланууда.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020