16 июль 2020, 09:39

Маркум Адинай Мырзабекова «Эрдик» медалы менен сыйланды




Бишкектеги И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Мырзабекова өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды.
Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Адинай Мырзабекова Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти болчу. Ал пандемия учрурунда Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан.




Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020