16 июля 2020, 10:14

96 дарыгер бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Алардын ичинен:

• Бишкек ш. – 42 
• Чүй облусунда – 18
• Ош ш. – 7
• Ош облусунда – 4
• Жалал-Абад облусунда – 5
• Баткен облусунда – 5
• Ысык-Көл облусунда – 9
• Талас облусунда – 6
Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2076 учур катталды, алардын ичинен 583 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020