16 июль 2020, 11:28

Боронов Орусиянын премьер-министри менен коронавируска каршы күрөшүү чараларын сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мушустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү чаралары, вирустун таркашынын алды алуу боюнча өз ара аракеттенүү талкууланды. 

Тараптар ошондой эле эки мамлекеттин кызматташуусунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинде өз ара иштешүү боюнча пикир алмашышты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020