16 июль 2020, 11:37

Акматова хижама жасоо кооптуу экенин расмий билдирди

Буга чейин социалдык тармактарда хижама жасоо коронавирус же пневмония илдетине каршы жакшы ыкма деген маалыматтар тараган.Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги хижама жасоо тескерисинче кооптуу ыкма экенин расмий билдирди.

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын айтымында, хижама жасоо пневмониядан же башка дарттан айыктырары медициналык жактан тастыкталган эмес.

“Ошондуктан хижама ыкмасы менен дарылангыла, ал дарылануунун эффективдүү жолу деген ойлордон алыс болуп, андай дарылоо ыкмаларын жүргүзгөн адамдарга барбаңыздар. Коронавирус же пневмония гана эмес, ВИЧ илдети, гепатит кан аркылуу жугушу мүмкүн. Хижама жасоого чакырган видео кайрылууларда бул ыкманы жасатканда беш күн, жети күн ичинде адамдын температурасы түшүп жакшы болуп калганын айтышууда. Жок, негизи адамдын организми вирус менен 5-7 күн ичинде өзү күрөшүп, температурасы түшөт. Хижама жасоого чакырган жигиттер видео кайрылууда көп кыймылдагыла, көп суюктук ичкиле, витамин жегиле деп айтып жатышат, бул ыкмаларды биз колдойбуз”, -дейт Акматова.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020