16 июль 2020, 16:11

Пневмония жана коронавирус менен ооругандарды бекер дарылоо чечими кабыл алынды

“КР жарандары үчүн пневмония жана COVID-19 диагноз менен ооруган бейтаптарды бекер дарылоо туралуу чечим кабыл алынды”, - деп билдирди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков. 

Коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюуда медициналык кызматкерлерди камсыз кылуу үчүн алардын эмгегине акыйкат акы төлөө чечими кабыл алынды, анда пневмонияны дарылап күндүзгү стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге  компенсациялык төлөөлөр жүргүзүлөт. 

Жыл башынан тартып республикалык бюджеттен ММК фондунун бюджетине компенсациялык төлөмдөргө кошумча 233,7 млн сом бөлүнгөн. Ошондуктан бардык медицина кызматкерлерине, компенсациялык төлөмдөр толук көлөмдө жүргүзүлгөн.

Бардыгы болуп төлөмдөрдү 20933 медициналык кызматкер алышкан, анын ичинде (дарыгерлер-5308, орто медперсонал - 9556, кенже персонал -3398, башка - 2671).

Белгилей кетсек, Бишкек жана Ош шаарларындагы БМСЖ, ошондой эле РКЖОО, ООБКО, ОШКО иштеген медкызматкерлерге кошумча төлөмдөр КР ССМ тарабынан төлөндү. Инфекциянын очогунда иштеген медкызматкерлерге жалпы 503,6 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөндү. 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020