16 июль 2020, 18:02

Жээнбеков: Коронавируска байланыштуу кыйынчылыктарга карабастан, өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоону унутпаш керек




«Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу кыйынчылыктарга карабастан, өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоону унутпаш керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун жүрүшүндө.

 Мамлекет башчысы осетр икраларын, форелден ар кандай продукцияларды жана чала фабрикаттарды өндүргөн «Аква Сервис» ЖЧКсы ишканасына барды. Өндүрүлгөн продукция ички рынокко сатылат, ошондой эле Россия жана Казакстан рынокторуна дагы экспорттолот.
 Ишкананын жетекчиси Ренад Досаев Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү  боюнча улуттук кеңешинин алдында түзүлгөн Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү  боюнча комитеттин мүчөсү болуп саналат.

 Ал өлкөдөгү балык чарбасынын өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи.

 «Аталган комитет өлкө экономикасынын бардык чөйрөсүнө, анын ичинде балык чарбасына сезилерлик колдоо көрсөтүп келе жатат. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн көп иштер жасалды. Акыркы жылдары мамлекет тарабынан балык чарбасын колдоого жакшы көңүл бурулуп жатат, андан улам бүгүнкү күндө Кыргызстан региондо  форель балыгын негизги ташуучулардын жана өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат», — деп белгиледи Ренад Досаев.

 Кыска убакыттын ичинде анын чарбасы балык өстүрүүнү 50 тоннадан 5 миң тоннага чейин көбөйтүүгө жетишкен.

 Мамлекет башчысы мамлекет мындан ары дагы аймактардагы экспортко жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган ишкерликти өнүктүрүүгө жана өндүрүштү кеңейтүүгө көмөктөшөрүн баса белгиледи.

 Президент Сооронбай Жээнбеков бизнес менен диалог ар түрдүү аянтчаларда, анын ичинде бизнестин актуалдуу маселелерин чечүү үчүн мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда диалог аянтчасы болууга багытталган КР Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү  боюнча комитеттин алкагында да активдештирилерине ишендирди.
1 комментарий
  1. Аноним#1259
    Я не знаю читают ли наши комментарии представители власти, но всё же решил написать своё мнение.
    Мы часто задаём себе такие вопросы:
    1. Почему мы 30 лет топчемся на одном месте?
    2. В чем причина постоянного кризиса?
    3. И что надо делать чтобы наконец то начать развиваться?
    Сейчас все дружно начнут обвинять власть, коррупцию, друг друга, но вряд ли это поможет найти выход из ситуации. Мне кажется что главное беда начинается с самого низшего звена то есть с АЙЫЛ ӨКМӨТҮ. Жители сел совета не могут избирать главу АЙЫЛ ӨКМӨТҮ. Они формально выбирают депутатов ( а те в свою очередь Главу сел совета) но эти как правило свои же люди. Даже если один или два пройдут из оппозиции как правило ничего не могут изменить (нехватка голосов). Вот потому и Глава АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ведёт себя как захочет (пилить бюджет по своему усмотрению, раздаёт в аренду лучщие землю своим родственникам и знакомым, малоимущим земля даже в аренду не светит (в крайнем случае дадут мало пригодные удалённые). Был бы у него совесть он составил бы список нуждающихся, дал бы на долгосрочную аренду несколько гектаров поливной земли, помог бы на первое время семенами и бедных стало бы меньше. Но к сожалению они этого не сделают. И в итоге малообеспеченным семьям приходится уезжать в Россию и другие страны. Проблема решилась бы если жители могли бы напрямую избирать Главу АЙЫЛ ӨКМӨТҮ причём из нескольких кандидатов. Была бы здоровая конкуренция и получив должность человек реально начал бы работать. Жители села также должны сами избирать участкового милиционера и врача, директора школы и детского сада. Только тогда село начнёт возрождается.
    Вторая Беда слишком раздутый аппарат чиновников но этом как-нибудь напишу потом.

KABARLAR.ORG 2020