20 июль 2020, 11:48

Өкмөт тарабынан Баткен жана Ысык-Көлгө 30 кычкылтек концентратору берилди




Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, Баткен облусу 30 кычкылтек концентраторун, 80 пульцоксиметр жана коргонуучу каражаттарды алды.  
Медициналык жабдуулар район, шаарларга муктаждыкка жараша бөлүнүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Өкмөт тарабынан Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору берилген.  

Ысык-Көл облусуна 30 кычкылтек концентратору менен бирге 80 пульсоксиметр, 200 респиратор беткап жана 4 миң коргонуучу костюмдар келген, алар региондор боюнча бөлүштүрүлдү. 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдиргендей, бүгүнкү күндө облуста 539 кычкылтек концентратору бар. 

“Акыркы жума ичинде региондордогу медмекемелерге 320 кычкылтек концентратору түшкөн, анын ичинен 80 Өкмөт тарабынан, 23 жергиликтүү бюджеттин эсебинен, 214 ишкерлер жана кайдыгер эмес жарандар тарабынан берилген. Кыйын абалдан биз медиктерди биринчи кезекте колдоп, биргелешкен аракеттер менен гана чыга алабыз”, - деп билдирди ал. 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020