20 июля 2020, 16:37

Кыргызгидрометтин мурдагы башчысы 57 жаш курагында дүйнөдөн кайтты




Үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда 57 жашка караган курагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин мурдагы директору Итибаев Зарылбек Сагындыкович дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Зарылбек Сагындыкович 1963-жылдын 20-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрьское айылында туулган. 

1983-1989-жылдары Фрунзедеги  политехникалык институтунун “Автомобиль транспортун эксплуатациялоо” адистигин  аяктаган,  1993-1996-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин “Юриспруденция” адистигин аяктаган.

2009-жылдын 8-июлунан 2019-жылдын 18-мартына чейин Кыргыз Ресупбликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин жетектеп келген.

Зарылбек Сагындыкович ак эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

Зарылбек Сагындыкович өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат.

Артында калган жубайына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

З.М.Аскаров, А.М.Мамбетов, Д.К.Алимбеков, К.О.Ахматов,Р.Р.Рысбаев, Б.Дж.Оторбеков,А.Т.Бекилов, А.Ж.Раманкулова, Асанбай кызы М. жана Кыргызгидрометтин жамааты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020