20 июля 2020, 17:47

Малик Аликеевдин эки жолку операциясы ийгиликтүү жыйынтыкталды

Белгилүү ырчы Малик Аликеевдин эки жолку операциясы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Малик Аликеев Бишкек шаарындагы №4 оорукананын Травматология жана ортопедия бөлүмүндө дарыланып жатат. Буга чейин ырчыга жамбаш сөөгүнө операция жасала тургандыгы айтылып, даарылоону Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көзөмөлгө алган.

Учурда Малик Аликеевдин жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ал ийгиликтүү жыйынтыкталды. Жакынкы күндө ырчы ооруканадан чыгып, чыгармачылыгы менен алектенет.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020