25 июль 2020, 11:23

Стамбулдун аэропортунда ыйлаган эки кыргыз жеткинчек Кыргызстанга жеткирилет

Стамбулдун аэропортунда мекенине кете албай ыйлаган эки жеткинчек 29 июль күнү чартердик рейс менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Буга чейин эки жеткинчектин ыйлап жаткан видеосу социалдык тармактарда жайылып кеткен. Алар ачка болуп, үйүнө уча албай жатышканын айтышкан.

Министрликтин маалыматы боюнча, эки кыргыз жараны балдарды ишенимдүү адам менен жөнөтүшкөн. Чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө Түркиядагы виза режимин бузгандыгы үчүн айып пул салуу чечими кабыл алынган. Алар аэропорттогу миграция бөлүмүнө айып төлөө үчүн жөнөтүлүп, адашып кетип, рейсти өткөрүп жиберишкен.

Балдарды коштогон жаранга транзиттик зонада Кыргыз Республикасына кийинки чартер кеткенге чейин калууга уруксат берилет. Алар атайын аймакта турак-жай жана тамак-аш менен камсыз болушууда.

"Кыргызстандын башкы консулдугунун кызматкерлери ал аял менен ар дайым телефон аркылуу байланышып турушат", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020