Чек арада калган 1000ге жакын кыргыздар: Балдарыбыз ыйлап жатат, төрөюн деп калган келиндер бар

25 июль 2020, 11:45

Орусия менен Казакстандын чек арасында коронавируска байланыштуу өтө албай калган кыргыз жарандары бийлик өкүлдөрүнө жасаган кайрылуусунун видеосу тарады. Видеодо жарандар кыйналып жатканын айтып, мекенге алып кетүүнү суранышкан.

"Кыргыз эли качан ойгонобуз? Бизди алып кетиңиздер, бул жерде миңдей адам болуп калдык. Жаш балдарыбыз менен кантип чатырда жашайбыз? Балдарыбыз түнкүсүн ыйласа жүрөгүбүз ооруйт. Үмүт менен жашап жатабыз", - деп айтышат жарандар.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020