27 июль 2020, 12:02

Эки күндө ӨКМдин эки кызматкери каза болду





Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин эки кызматкери дүйнөдөн кайтты.

2020-жылдын 26-июлунда 56 жашка караган курагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин «Ноокат» бириккен гидрометеорологиялык станциясынын башчысы Бекматов Кудайберди Абдурашитович каза болду. 

Кудайберди Абдурашитович 1964-жылдын 13-мартында Ош облусунун Ноокат районунда туулган. 

1987-1990-жылдары Ташкент гидрометеорология техникумунун «Техник-агрометеоролог» адистигин  аяктаган. 

1985-1988-жылдары Кыргыз Республикасынын Гидрометеорология жана айлана-чөйрөнү контролдоо башкармалыгында техник-метеоролог;
1988-жылдан бери Кыргыз Ресупбликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин “Ноокат” бириккен гидрометеорологиялык станциясын жетектеп келген.

Кудайберди  Абдурашитович ак эмгегинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Ардагери”  медалы жана башка көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.




2020-жылдын 27-июлунда 59 жашка караган курагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин II баскычтагы «Токмок» метеорологиялык  станциясынын башчысы Илияс уулу Рысбек каза болгон. 

Илияс уулу Рысбек 1961-жылдын 10-октябрында Нарын  облусунун Миң-Булак айылында  туулган. 

1983-1985-жылдары Ташкент гидрометеорология техникумунун «Радиооператор» адистигин  аяктаган. 

1985-1986-жылдары Кыргыз Республикасынын Гидрометеорология жана айлана-чөйрөнү контролдоо башкармалыгында техник-радиооператор, техник-дозиметрист;

1988-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Гидрометеорология жана айлана-чөйрөнү контролдоо башкармалыгында техник-радиооператор, техник-метеоролог;

2009-жылдан бери Кыргыз Ресупбликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин II баскычтагы «Токмок» метеорологиялык  станциясын жетектеп келген.

Илияс уулу Рысбек ак эмгегинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Ардак грамота”, “Аскердик-жарандык кызматташтыкты  чындагандыгы үчүн медалы, Гидрометеорология кызматына 90 жыл маарекелик төш белгиси жана башка көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

Биздин редакция эки кызматкердин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020