27 июль 2020, 13:26

ММКФ Ош шаарына жана облусуна 49 млн сомдон ашык каражат бөлгөн

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Ош шаары жана Ош облусуна ЖКК камын түзүүгө жана сатып алууга 49016,7 млн сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлдү.  

Бөлүнгөн каражаттар толугу менен өздөштүрүлүп, сатып алуулар жүргүзүлдү. 
2020-жылдын январынан азыркы учурга чейин ММК фонду Ош шаарына жана Ош облусуна 1мрд. 304 млн. 875,2 миң сом бөлүп берген:
медициналык кызматкерлердин эмгек акысы жана Социалдык фондго чегерүүлөр - 890485,2 (68,2%);
медикаменттерди жана МББны сатып алуу - 300043,1 (23,0%); 
коммуналдык кызматтар - 62636,1 (4,8%); 
башка чыгымдар - 51710,8 (4,0%).

Жеке коргонуучу каражаттары 174 млн 918,6 миң сомго сатылып алынган.
2020-жылдын 23-июлуна карата Ош шаарынын жана Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдарында МББ камы бар:
бир жолку беткаптар - 442361 даана 4 млн 506,1 миң сом суммасында;
респираторлор - 48895 даана, 5 млн 802,1 миң сом суммасында;
бир жолку коргоочу костюмдары - 46791 даана, 40 млн 544,8 миң сом суммасында;
көп жолку коргоочу костюмдар - 4714 даана, 12 млн 653,4 миң сом суммасында;
бахилалар – 69971 даана, 217,9 миң сом суммасында.;
көз айнектер - 9015 даана, 2 млн 096,4 миң сом суммасында;
колкаптар - 761 299 даана, 7038,2 миң сом;
дезинфекциялык каражаттар - 20981,5522,0 миң сом. 

ММК фондунун Ош аймактык башкармалыгына бөлүнгөн консолидацияланган бюджетти аткаруу боюнча башкармалыгына Ош шаарындагы жана облусундагы 43 саламаттык сактоо уюму кирет. 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020