27 июль 2020, 14:41

Калктын ишеним индекси боюнча ӨКМ алдыңкы сапта турары белгилүү болду




Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калктын ишеним индекси боюнча министрликтер, ведомстволор арасында 47,8 упай менен алдыңкы орунга чыкты. ӨКМге калктын ишенимин чыгарууда төмөнкү көрсөткүчтөр негиз болгон:

2020-жылдын биринчи жарым жылындагы “Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин баалоо” индекси  - 48,9 упай;

2020-жылдын биринчи жарым жылындагы “Мамлекетке жараандын жеке ишеними” индекси  - 52, 2 упай;

2020-жылдын биринчи жарым жылындагы "Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк” индекси - 42,7  упай.

Өлкө боюнча 2020-жылдын 6-айында 1 027 өрт кырсыгы (2019-ж. – 1478) катталып, өрттүн санын - 30,5% га кыскарган.  

Куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 2020-жылдын 6 айында жол кырсыгынан - 40 (2019-ж. - 70), өрт кырсыгынан – 24 (2019-ж. - 46), экстремалдык абалда - 25 (2019-ж. - 56), жалпысынан - 89 (2019-ж. - 173) адам куткарылган.

Табигый кырсыктардан алдын алуу багытында 2020-жылдын 6 айында 248 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 182 объект пайдаланууга берилди.  Натыйжада 10 507 кожолук жана 3417 га айыл чарба аянттары, 10 мектеп, 6 бала бакча, 5 ФАП, 21 ЛЭП, 3 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 7 көпүрө, 1 насостук станция, 1 суу түтүкчө корголуп жана 2552 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020