27 июль 2020, 15:23

Марат Мураталиев: Таласта дары-дармектер боюнча көйгөй жок

“Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча 21 ИВЛ аппараты, 323 кычкылтек концентраты бар. Күндүзгү стационарларда ооруган бейтаптардын саны азайып жатат. Дарыканаларда дары-дармектер улам келип түшүүдө, бул жаатта көйгөйлөр жок”, - деп билдирди КР Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев.

Анын айтымында облуста COVID-19 илдети менен күрөшүүдө болгон күч-аракеттер жумшалууда. Апрель айынан тартып медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы төлөөлөр өз убагында жүргүзүлүүдө. Ал эми талаа иштеринде эгиндерди ооруп-жыйноо иштери кызуу жүрүп жатканын кошумчалады.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020