27 июль 2020, 16:59

Айсулуу Тыныбекова өмүр бою 20 миң сомдон стипендия алат


Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өмүр бою 20 миң сомдон стипендия алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 26-июндагы токтомуна ылайык, стипендия өмүр бою берилет.
Аталган стипендияны спорттун Олимпиадалык түрү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгон бардык спортчулар алат. Учурда Тыныбекова өлкөдө бул категориядагы жалгыз дүйнө чемпиону. Ал 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жетип, Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Бул стипендияны Тыныбекова учурдагы жетишкендиктери үчүн алып жаткан жана келечекте дагы ала турган стипендиялардын мөөнөтү бүткөндөн кийин алып баштайт.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020