28 июль 2020, 10:04

Муфтият: Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт, майрамды үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет. 

Илдетти мындан ары күчөтпөө максатында муфтият бири-бириникине айттап барбоону суранат.

«Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 31-июлдагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбай турганын маалымдайбыз. Ошондуктан шартты туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарга дубаларды багыштайбыз», — деп айтылат маалыматта.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020