28 июль 2020, 10:27

10 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргыз аял Москвада кармалды




Москвада 10 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2010-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран аныкталып, ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун 1970-жылы туулган К.Д. аттуу тургуну болуп чыкты. Ал ири көлөмдө жасалган "алдамчылык" беренеси менен көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Баткен ШИИБи тарабынан издөөдө жүргөн. Аны Кыргыз Республикасынын аймагына алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги менен биргеликте “Москва-Бишкек” каттамы боюнча жөнөтүү маселелери чечилген. Азыркы учурда кармалган жаран К.Д. издөө салган тарапка өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020