28 июль 2020, 10:50

"Чыныгы хандын кызы!". Соцтармакта Жээнбеков менен Назарбаевдин кызын салыштырып жатышат

Cоциалдык тармакта казакстандык FB колдонуучуму Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Алия жана Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүлдү салыштырган пост жарыяланган.

Колдонуучу Алия Назарбаеванын коргоочулары кол чатыр көтөрүп бара жаткан сүрөтүн жана Бактыгүл Жээнбекованын жолдошу экөө ыктыярчыларга тамак-аш алып бара жаткан сүрөтүн жүктөгөн.

"Мына чыныгы хандын кызы! Кыргызстандын келечеги бар деп ойлойм. Көп сандагы коргоочулар кана? Жол толо унаалар кана? Жолугуп, колун кысып, сүйлөшүп отургум келет. Кыргыздардын колунан баары келет, Бишкек бир күндө курулган эмес. Биздикилердин үй-бүлөсү ушинтип баштык көтөрүп бара жатканын элестетип жатам",-деп жазат казакстандык өзүнүн баракчасында.

1 комментарий
  1. Аноним#153
    ии жаман болгон турбайбы 2 пакет которуп коюп

KABARLAR.ORG 2020