28 июль 2020, 11:20

Саны азайды! Бир суткада 8 дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды: 
• Ош ш. – 3
• Ош облусунда – 1
• Жалал-Абад облусунда – 3
• Талас облусунда – 1

Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 34 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2691 учур катталды, алардын ичинен 1520 медкызматкер айыкты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020