28 июль 2020, 11:43

"Кыргыз почтасы" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айдар Мокенов




"Кыргыз почтасы" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айдар Мокенов узакка созулган оорудан улам каза болду. Ал 27-июлда көз жумганын анын кызы Бегайым Мокенова жазып чыкты.

Мокенов Айдар Абдразакович 1963-жылы 29-апрелде төрөлгөн. 1985-жылы Москвадагы башкаруу институтунда кибернетикалык экономист адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

1985-жылы Москвадагы башкаруу институтунда окутуучу ;

1985-1987-жылдары Москвадагы башкаруу институнун экономикалык кибернетика бөлүмүнүн илимий кызматкери;

1987-1988-жылдары Кыргыз ССРнин Айыл чарба министрлигинин агрардык экономика илимий-изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери;

1988-жылы Айыл чарба министрлигинин айыл чарба экономикасы илимий-изилдөө институтунун илимий кызматкери;
1989-1991-жылдары КМУнун компьютердик лабораториясынын башчысы;

1991-1992-жылдары "Агропромбанктын" валюта жана биржалык бөлүмүнүн башчысы;

1992-1994-жылдары "Азия-инвест" акционердик коомунун жана "Азия Брок Сервис" ЖЧКсынын төрагасынын биринчи орун басары;

1994-1995-жылдары "Агропромбанктын" алдыңкы экономисти жана Мамлекеттик мүлк фондунун экономикалык кеңешчиси;

1995-1997-жылдары "Акылинвестбанк" башкармалыгынын валюталык операциялар жана баалуу кагаздар бөлүмүнүн башчысы;

1997- жылы "Акылинвестбанк" башкармалыгынын төрагасынын орун басары;

1997-1999-жылдары Улуттук банкта экономикалык кеңешчи;

1999-жылы "Кайрат-Банктын" төрагасы;

1999-жылы президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу иштери боюнча консультант-эксперти;

1999-2001-жылдары "Кыргызалтын" акционердик коомунун вице-президенти жана президенттик администрациянын экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2001-2003-жылдары Банктарды кайра түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо агенттигинин директору;

2003-2005-жылдары Каржы министрлигинин алдындагы финансылык полиция департаментинин директору;

2005-жылы өкмөткө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

2008-200-жылдары экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;

2012-2013-жылдары Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020