28 июль 2020, 15:42

Кубатбек Боронов: Акыркы аптада ооруу басаңдады

Аймактардагы эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифинг учурунда билдирди.

Премьер бул маселе боюнча өкмөт катуу иш алып барып жатканын белгиледи.

"Акыркы аптада ооруу басаңдаганы байкалды. Бирок, баары оңолду деп айтканга эрте. Жалал-Абад облусу, Ош шаары, Ысык-Көл облусунда дагы деле абал оор бойдон турат. Ысык-Көлдө жайкы эс алуу мезгилинин келиши менен эс алуучулар көбөйдү. Ички эс алуучулардын саны да көбөйдү. Бул адамдар Ысык-Көлдө жүргөндө катталууда. Учурда аймактардагы эпидемиологиялык абалдын курчушун алдын алуу боюнча өкмөт катуу жумушту алып барып жатат. Стационарларды ачып, жабдыктар менен жабдуу жана башка иши жүргүзүлүүдө", - деди ал.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020