28 июль 2020, 19:02

Эльнура Боронбаева: Коомчулуктун провокация менен интригага оңой алдырганы өкүндүрөт


Массалык маалымат айдыңында буга чейин Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун дарегина айтылган көп сандагы сындардан улам кызматтан кетип, анын ордуна Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Эльнура Боронбаеванын шайланганы тууралуу маалымат тараган. Анын  министр ооруп жатканынан пайдаланып, кызматты ээлеп алганы жазылып. Интернет ресурстарда Боронбаеванын жаңы кызмат ордун майрамдап жатат деген сүрөттөр жарыяланган.

“Кабарлар.орг”  редакциясы ММК фондунун жетекчиси менен байланышып, маалыматтын чын төгүнүн билүүнү туура көрдүк.
Белгилей кетсек, Эльнура Боронбаева буга чейин коронавирус илдетинен дарыланып, бүгүн гана жумушка чыккан.

"Өзүмдүн кызматка келгеним тууралуу мен интернет, соцтармак аркылуу уктум. Буга чейин ооруп жаткандыктан, абдан жаман болдум. Башка кыргызстандыктар сыяктуу мен дагы илдет менен күрөшүп, ден соолугумду калыбына келтирдим.  Министрдик орунду ээлеп, Сабиржан Токтосуновичтен тартып алуу оюма да келген эмес. Оорукандан жаңы чыксам, кайдагы министрлик орун? Биз мамлекеттик кызматкерлер, жоокер сындуу күнү-түнү иштеп, кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калганга аракет кылабыз. Биз кайсы жакка жөнөтсө, ошол жакка барып иштейбиз. Жумушубузда тартип катуу. Чынын айтсам, кызмат орунду майрамдап жатканым тууралуу окуу жагымсыз болду. Уулумдун тоюндагы сүрөтүмдү да коюп коюшкан экен. Ал сүрөттү мени досторум менен кызмат ордумду майрамдап жаткан сындуу беришкен. Бул нерсени өтө туура эмес деп ойлойм",-деп билдирди редакциябызга Эльнура Боронбаева.

Соцтармакка тараган сүрөттөр.



Эльнура Боронбаеванын уулунун тою учурунда тартылган сүрөттөр.





 

ММК фондунун жетекчиси ушундай кыйын учурда провокация жана интригага алдырбоого чакырды. Боронбаеванын айтымында, учурда оорууну жеңип, каза болгондордун санын азайтуу, дарыгерлерди колдоо эң башкы маселе.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, эки тараптуу пневмониядан жабыркап, дарыланган. Учурда ден соолугу калыбына келип, кызматына кирише баштады. Абдыкеримов кызматтан кетпейт, ал коронавирус инфекциясы менен акырына чейин күрөшүүнү милдетим деп эсептейт.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020